01.07.20

Ирандын мамлекеттик “Iran Air” компаниясы Божнурд (Иран) - Ашхабад (Түркмөнстан) боюнча аба каттамын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, Иранын Түндүк Хорасан провинциясынын генерал-губернатору Мохаммад Али Шожай билдирген. 

Анын пикиринде, Түркмөнстан менен Ирандын ортосунда 2019-жылы кол коюлган “Өз ара түшүнүшүү” меморандумунун негизинде туруктуу аба каттамдарын ишке ашыруу пландалууда. Каттамдар региондо туризмдин өнүгүшүнө түрткү болот деп болжонууда.

Эскерте кетсек, Божнурд шаары Ирандын түндүк-чыгышында жайгашкан Түндүк Хорасан провинциясында орун алган. Түркмөнстан менен  чектешип турат. Учурда, Божнурд шаарындагы туризм күч алууда. Азыркы учурда, провинцияда жүз элүүгө жакын туристер үчүн турак жайлар курулган.

https://turkmenportal.com/blog/28567/aviakompaniya-iran-air-planiruet-zapustit-aviareisy-iz-irana-v-turkmenistan