02.07.20

Түркмөнстан, Афганистан жана Азербайжандын президенттеринин ортосунда, 2-июль күнү видео байланыш аркылуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда тараптар транспорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле экономиканын башка тармактарындагы кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу, CentralAsia.news маалымат агенттиги жазып чыкты.

Белгилей кетүүчү нерсе, стратегиялык маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири Афганистан - Түркмөнстан - Азербайжан - Грузия - Түркия (“Lapis Lazuli” -Лазурит коридору) маршруту боюнча жаңы мультимодалдык коридорду түзүү долбоору болуп саналат.

Түркмөнстандын президенти: “Биз бул жолугушууну кызматташуунун стратегиялык маанилүү маселелерин талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептейбиз. Анын маанилүү багыттарынын бири, албетте, транспорт жана байланыш тармагы” - деп билдирди.

Түркмөнстанын лидери белгилегендей, мамлекеттердин географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу, негизги төрт багытта туруктуу транспорттук каттамдарды түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок, ушул нерселери натыйжалуу пайдалануу үчүн өлкөлөр биринчи кезекте, транспорттук байланыштардын жакшы тутумун түзүп, транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны чыңдап, тийиштүү логистиканы камсыз кылышы керек.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Гурбангулы Бердымухамедов транспорт тармагында узак мөөнөттүү өнөктөштүктү чечүүнүн беш вариантын сунуш кылды.

Сунуштар төмөнкүлөр: биринчиден, бирдиктүү логистикалык борборду түзүү; экинчиден, жүк ташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап, жогорку технологиялуу транспорттук инфраструктураны түзүү; үчүнчүдөн, Афганистан - Түркмөнстан – Азербайжан багыты боюнча жүк ташууда бирдиктүү баа саясатын киргизүү; төртүнчүдөн, "бирдиктүү терезе" принцибинин негизинде башкаруу тутумун киргизүү менен бажы операцияларын жөнөкөйлөтүү; бешинчиден, учурдагы транспорттук жана коммуникациялык инфраструктура жөнүндө кеңири маалыматты камтыган санарип форматында атлас картасын даярдоо керек экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Түркмөнстандын президенти “Lapis Lazuli” транспорттук долбооруна катышкан мамлекеттерге (алардын аймактык жана континенталдык соода базарларына кирүүсүн ар тараптуу кеңейтүүгө) мүмкүндүк бере тургандыгын. Бул улуттук экономиканы бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, Борбордук жана Түштүк Азия жана Европа мамлекеттеринин ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө түздөн-түз салым кошот деп белгилеп өттү.

https://centralasia.news/6977-berdymuhamedov-predlozhil-aktivizirovat-transportnyj-koridor-lapis-lazuli.html