13.07.2020

Түрк Кеңешин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн текстиль өнөр жайын  абалын иликтеген  эксперт Эльмар Юсифлинин айтымында, Түркмөнстан текстиль продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет.

Эльмар Юсифли: “Текстиль өнөр жайынын негизги сырьесу болуп эсептелген пахтаны өндүрүү жана экспорттоодо жылына Түркия  988 миң тонна (дүйнөдө алтынчы орун), Өзбекстан 640 миң тонна (дүйнөдө жетинчи орун) жана Түркмөнстан 300 миң тонна өндүрүп дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет.

Түрмөнстанда текстиль өнөр жайы газ жана мунайдан кийинки өлкөдөгү кирешелүү тармак болуп саналат. Ошондой эле өлкөдө териси жана жүнү менен белгилүү болгон Каракөл тукумундагы кой чарбасы дагы өнүккөн.

Түркмөнстандын текстиль өнөр жайына ири  инвестициялардын басымдуу бөлүгүн түрк тектүү мамлекеттер салган. Өлкөдөгү текстиль ишканаларында колдонулган кездемелер жана койдун жүндөрү 100% пайыз экологиялык таза жана акыркы технологияларга ылайык өндүрүлөт.

Текстиль продукциялары (анын ичинде пахта) АКШ, Канада, Россия жана Улуу Британияны кошо алганда 100 ашуун өлкөлөргө экспорттолот. 2018-жылы Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы “Лапис-Лазуликат”  транспорттук маршрутунун ачылышы жана транспорттук логистикалык  инфраструктуралар Түркмөнстандын продукцияларын, Түркиянын жана Европанын базарларына жеткирүүнү тездетүүдө маанилүү роль ойноду. Ошондой эле, текстиль тармагында жогорку атаандаштыкка ээ деп эсептелген товарларды ташуунун убактысын жана маршрутун кыскартуу менен өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн” – деп билдирет.

https://turkmenportal.com/blog/28815/turkmenistan-vhodit-v-pervuyu-desyatku-vedushchih-eksporterov-hlopka-v-mire