14.07.20

Түркмөнстанда азыркы учурга чейин, жалпы наркы 37 миллиард доллардан ашык акча каражатына 2,5 миңге жакын объектирлер курулган. Бул тууралуу, өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн кеңейтилген жыйынында маалымдаганын “Turkmenistan Today” маалымат агенттиги  билдирди.

Жарандарга эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн болжол менен 371,7 миллион доллар (1,3 миллиард манат) капиталдык салымдар жумшалган. Биринчи алты айда, жалпы аянты 509 миң чарчы метрди түзгөн, 14 ири объект пайдаланууга берилген. Ошондой эле, болжол менен 285,9 миллион долларга (1 миллиард манат) бааланган ыңгайлуу үйлөр курулду.

Мамлекеттик масштабдуу курулуш программасынын алкагында бала бакчалар, мектептер, өнөр жай жана социалдык объектилери курулган.

Азыркы учурда, Ахал облусунда заманбап административдик борборду куруу иштери жүрүп жатат. Ал жерде банктар, люкс турак жайлары курулуп жаткан учуру.

https://centralasia.news/7048-za-polgoda-v-turkmenistane-postroeno-obektov-na-37-mlrd-dollarov.html