09.09.20

Түркмөнстанга Казакстан аркылуу транзиттик маршрут менен Кытайдан алгачкы ирет, жүк ташыган поезд келип жетти. Бул тууралуу “Туркменпортал” маалымат агенттигине “Түркмөнстан Транспорт-логистикалык борбору” акционердик коомунан билдиришкен.

Эки апта  мурун, Кытайдын Циндао шаарынан жолго чыккан жүк ташыган контейнердик поезд (48 вагон) Казакстандын Алтынколь-Болашак станциясы  аркылуу өтүп келип, Түркмөнстандын Серхетяка поезд станциясына келип токтогон. Анын эң акыркы товарды жеткире турган адреси Ашхабат шаарынан анча алыс эмес Анау шаарчасы болуп эсептелет. Поезд жалпысынан  8.780 километр аралыкты басып өткөн.

Белгилей кетчү нерсе, Кытайдан Каспий деңизине чейин поезд менен товар ташуу «Казакстан – Түркмөнстан – Иран» темир жол маршрутунун курулушу бүткөрүлгөндөн кийин гана мүмкүн болду. Себеби, бул маршрут “Түндүк жана Түштүк” (2014-жылы ишке берилген) эл аралык транспорттук коридордун негизги бутагы болуп эсептелет.

Өткөн 2019-жылы, Түркмөнстандан ушул эле жол менен 45 контейнердик вагондон турган товар Кытайга жөнөтүлгөн болучу.  Жакынкы убактарда дагы, айына эки жолудан эки өлкөгө товар ташуу пландалууда.

https://turkmenportal.com/blog/30261/v-turkmenistan-vpervye-pribyl-samyi-dlinnyi-konteinernyi-poezd-iz-kitaya