22.09.20

Түркмөнстандын “Türkmendemirýollary” агенттигинин өкүлдөрү,  21 сентябрь күнү Афганистандын Транспорт министрлигинин алдындагы темир жол башкармалыгынын өкүлдөрү менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү. Көрүшмө учурунда  Акина-Андхой жана Тургунди-Герат темир жол маршрутунун курулушунун долбоорун талкуулоо болду. Бул тууралуу “Түркменистан сегодня” маалымат агенттиги билдирди.

Тараптар жогорудагы темир жолунун курулушун ишке ашыруу, Афганистандын саясий жана экономика тармагында стабилдүүлүктү камсыз кылууда маанилүү экендигин белгилешти.

Узундугу 30-километр, баасы 21 миллион долларга бааланган  Акина-Андхой темир жол каттамынын курулушунун келишимине, 2019-жылдын сентябрь айында кол коюлган болучу. Бүгүнкү күндө, Түркмөнстан өзүнүн аймагында, Акина-Андхой темир жол каттамынын 17 километр узундуктагы темир жолунун курулушун аяктоо алдында турат.

Эки өлкөнүн жыйынга катышкан темир жол тармагынын башчылары, келечекте ушул эле темир жол каттамын Тажикстанга жеткирүү жана  Азия-Тынч океан чөлкөмүнө чейин узартуу керек экендигин белгилешти.

Мындан тышкары, узундугу 173-километр болгон Тургунди - Герат темир жол каттамын куруу боюнча меморандумга 2019-жылдын июнь айында кол коюлган. Азыркы учурда, Түркмөнстан бул жолдун курулуш иштерин Афганистандын чек арасына чейинки бөлүгүн аяктоо алдында турат.

https://sng.today/ashkhabad/14439-v-turkmenistane-obsudili-stroitelstvo-zh-d-putej-v-afganistane.html