25.09.20

Каспий деңизинде жайгашкан, Эл аралык Түркмөнбашы портунан Кытайдын Циндао шаарына, Казакстандын Актау порту (Каспий деңизинин жайгашкан) аркылуу, Түркмөнстанда өндүрүлгөн полипропилен (курулуш жана үй тиричилик буюмдарын жасоодо кеңири колдонулган химиялык зат) жөнөтүлдү. Аны Кытайга жеткирүүнү, Казакстандык “KTZ Express”  транспорттук-логистикалык компаниясы алгачкы ирет ишке ашырды.  Бул тууралуу, «Железнодорожник Казахстана» интернет маалымат порталы билдирди.

Таратылган маалыматта, полипропилен жүктөлгөн 48 даана контейнер деңиз аркылуу Түркмөнбашы (Түркмөнстан) портунан Актау (Казакстан) портуна бир сутканын ичинде (24 саат) жеткирилген.

Андан соң, жүк Казакстандын Кытайга чектешкен Алтынколь чек ара өткөрүү станциясына алынып келинген. Алтынколь чек ара өткөрүү станциясынан Кытайга чейинки аралык 7,500 километрди түзөт. Жүк 10 күндүн ичинде Кытайдын Циндао шаарына жеткирилмекчи.

Белгилей кетчү нерсе, жогорудагы маршрут менен жүк ташуу, кыска  убакыттын ичинде Кытайга товар жеткирүүгө мүмкүндүк берет жана экономикалык жактан дагы пайдалуу болуп эсептелет. Мындан тышкары, Түркмөнстанда өндүрүлгөн товарларды, Казакстан аркылуу Кытайга ташууну көбөйүүсүнө шарт түзүп бермекчи.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын Балкан аймагында жайгашкан, Киянлы заводунда өндүрүлгөн полиэтилен жана  полипропилен товарлары экспортко чыгарылат жана ички рынокто дагы  сатылат.

Киянлы заводу 2018-жылдын октябрь айында ишке берилген болучу. Заводдун курулушуна  $3 миллиард 400 миллион доллар акча каражаты жумшалган.

https://centralasia.news/7609-turkmenskij-polipropilen-dojdet-do-kitaja.html