29.09.20

Түркмөнстан Кытайга газ экспорттоо боюнча алдынкы орунда турат. Бул тууралуу, «Интерфакс» маалымат агенттиги Кытайдын бажы кызматынын берген билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Түркмөнстан Кытайга экспорттогон газдын көлөмү 1,788 миллиард кубометрге жетти же суткасына  78,3 миллион кубометрди түзөт. 2020-жылдын июнь айынан тарта, Кытайга экспорттолгон көгүлтүр оттун көлөмү суткасына 7% пайызга жогорулаган.

Ал эми, Кытайга газ сатуу боюнча экинчи орунда Казакстан мамлекети турат. Үчүнчү орунда Россияга тиешелүү «Газпром» компаниясы турат. Бул компания, июль айында Кытайга  379 миллион кубометр газын (суткасына 12,2 миллион кубометр) экспорттогон.

Россиядан кийинки орунду Өзбекстан ээлеген.

https://centralasia.media/news:1649500