08.10.20

Түркмөнстан жана Өзбекстан экономика тармагында кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу, “Түркмөнстан - Өзбекстан жумушчу кеңешинин” 7-октябрь күнү болуп өткөн биринчи жыйынында көтөрүлгөн. Эки тараптын жыйыны, видоеконференция форматында болуп өткөндүгүн “Туркменистан сегодня” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Бул иш чарага, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Соода өнөр жай палаталарынын төрагалары Довлетгельды Реджепов (Түркмөнстан), Адхам Икрамов (Өзбекстан), экономика тармагына тиешелүү мекемелердин башчылары  жана эки өлкөдөн 30 ашык ишкерлер катышкан.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө соода жүгүртүү, транспорт жана логистика тармагында кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Өзбекстандын өкүлдөрү “Чыгыш-Батыш” жана “Түндүк-Түштүк” транспорттук коридорунун өнүктүрүүгө катышууга кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле бир нече инвестициялык долбоорлор талкууга алынды. Өзгөчө текстиль, курулуш, химия, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика тармактарына көңүл бурулду.

Тараптар жолугушуу учурунда, айыл чарба тармагында кызматташууну тереңдетүүнүн зарылдыгын белгилешти. Акыркы жылдары, Өзбекстандан сатылып алынган айыл чарба техникалары Түрмөнстандын климаттык шарттарында өзүн жакшы көргөзгөндүгүн белгилешти. Түрмөнстандын өкүлдөрү, Ташкент шаарын айыл чарба продуктулары менен камсыздап турууга кызыкдар экендигин билдиришкен.

Эскерте кетсек, “Түркмөнстан-Өзбекстан жумушчу кеңеши” 2018-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында түзүлгөн болучу.

https://centralasia.news/7716-turkmenistan-i-uzbekistan-rasshirjat-biznes-partnerstvo.html