12.10.20

Түркмөнстандын пахтадан жип токуган жана байпак чыгарган «Батлы Гадам» ишканасы, өндүргөн продукциясынын экспортун көбөйтүүдө.

Түркмөнстандын мамлекеттик бажы кызматынын маалымат сайтында «Батлы Гадам» ишканасы 2020-жылдын январь жана сентябрь айларынын ичинде, 187.292.851 килограмм өлчөмүндө пахтадан жасалган жип жана 309,856 миң даана жогорку сапаттагы байпакты сатууга чыгарган. Жогорудагы экспортко чыгарылган продукциянын басымдуу бөлүгүн Түркия жана Россия сатып алган.

«Батлы Гадам» ишканасы, Түркмөнстандын батышындагы  Балканабат шаарында орун алган. Ишкана, Европанын эң алдынкы деп эсептелинген жаңы техникалык жабдуулары менен жабдылган. «Батлы Гадам» ишканасы, жылына 7000 миң тонна пахтадан жасалган жип өндүрөт. Фабриканын өндүрүшү төрт цехтен турат.  Аларга: жип ийрүү, боёо, токуу жана үтүктөөчү цехтери кирет. Баардык цехтер, акыркы үлгүдөгү жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Эскерте кетсек,  «Батлы Гадам» ишканасынын баардык продукциясы, Эл аралык стандарттарына (ISO) жооп берет.

https://turkmenportal.com/blog/31177/turkmenskoe-predpriyatie-batly-gadam-eksportiruet-produkciyu-v-rf-i-turciyu