15.10.20

Ашгабат шаарында 2020-жылдын 14-октябрь күнү, Түркмөнстандын “Түркмөнстан темир жолдору” агенттигинин мүдүрү Азат Атамурадов, Казакстандын “Казакстан темир жолдору” Улуттук компаниясынын жетекчиси Чынгыз Какенов жана Казакстандын Түркмөнстандагы элчиси  Еркбулан Сапиевдин катышуусунда, видоеконференция форматында көрүшмө болуп өттү. Бул тууралуу, “Туркменистан сегодня” маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушуу учурунда, тараптар мындан аркы Казакстан-Түркмөнстан-Иран транспорт-транзиттик темир жолу коридору аркылуу, контейнердик товар ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кылууну талкуулашкан.

Түркмөнстандын “Түркмөнстан темир жолдору” агенттигинин мүдүрү Азат Атамурадовдун айтымында, Түркмөнстандын  Евразия континентинде, ээлеген ыңгайлуу географиялык абалы жана транспорт-транзиттик инфраструктурасынын жакшы абалда болушу,  анын аймактагы  транзиттик өлкө болуу ыктымалдыгынын жогору болушуна шарт түзөөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Түркмөнбашы-Ашгабат-Мары-Түркмөнабат темир жол маршрутун модернизациялоо жана  электр энергиясы менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашырууну макулдашышты.

2020-жылдын 17-сентябрь күнү, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашууну өнүктүрүүнү талкуулашкан. Мындан тышкары, Казакстан менен Түркмөнстандын ортосунда, эркин экономикалык соода аймагын ачуу ниеттери бар экендигин билдиришкен болучу.

Эскерте кетсек, өткөн 7 айдын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу  2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда,  10% пайызга өсүп 100 миллион долларга жеткен. Ал эми, Казакстан жана Түркмөнстандын аймагы аркылуу темир жол менен ташылып өткөн жүктүн көлөмү  55% пайызга өскөн.

https://sng.fm/15265-turkmenistan-i-kazahstan-aktivizirujut-sotrudnichestvo-po-transportno-tranzitnym-koridoram.html