17.10.20

Түрмөнстандын “Туркменабат” химиялык минералдык жер семирткичтерди чыгарган заводу, ушул жылдын алгачкы 9 айында, 302,6 миң тонна продукция өндүрүп алдыга коюлган планды  100 % пайызга аткарган. Бул тууралуу, “Туркмен гундогары” газетасы кабарлады.

2020-жылдын алгачкы 9 айында (январь-сентябрь) 2300 тонна пестицид (зыяндуу өсүмдүк жана кемирүүчү жандыктарга каршы колдонулуучу химиялык зат) өндүргөн. Ошондой эле 406 тонна дезинфекциялык каражаттар өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч, өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көптүк кылат.

Жалпысынан өткөн 9 айдын ичинде, 77 миллион 870 миң манат акча каражатына бааланган продукция өндүрүлгөн.  План 121% пайызга аткарылган.

Жогорудагы завод, Түркмөнстанда минералдык жер семирткичтерди өндүргөн эң ири завод болуп эсептелет. Заводдо өндүрүлгөн жер семирткичтер өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлейт.  Жакынкы жылдары, Түркмөнстанда фосфор минералдык жер семирткичтерин өндүргөн заводдун курулушу күтүлүүдө.

https://turkmenportal.com/blog/31345/turkmenabatskii-himicheskii-zavod-narastil-obemy-proizvodstva