24.11.20

Түркмөнстан Афганистан менен биргеликте жасалып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга, 1 миллиард 250 миллион доллар акча каражатын бөлүп берди.

Бул тууралуу, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов, Женева шаарында (Швейцария мамлекетине караштуу) “Афганистан боюнча аймактык кызматташуу” аттуу, видеоконференция форматында өтүп жаткан, конференцияга катышуу учурунда билдирип өттү.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ичинде, “ТАПИ” газ куурунун курулушу жана аны электр энергиясы жана коммуникациялык байланыш менен камсыздоо, Түркмөнстан менен Афганистанды башка өлкөлөр менен бириктирген темир жолунун курулушу сыяктуу маанилүү долбоорлор дагы бар.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередовдун айтымында, Түркмөнстан өзүнүн аймагынан өтүүчү “ТАПИ” газ куурунун курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнүн алдында турат. Ал эми, келээрки жылы “ТАПИ” газ куурунун Афганистандын аймагынан өтүүчү бөлүгүнүн курулушун баштамакчы.

Мындан тышкары, Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан электр чубалгыларынын курулуш иштери аягына чыгуу алдында турат.

Рашид Мередов: “Акина-Андхой темир жол маршрутунун Түркмөнстандын аймагы аркылуу өткөн 35 километр узундугунун курулушу жакында бүткөрүлөт. Ошондой эле, 2021-жылы “Тургунди-Герат” темир жол маршрутунун курулуш иштери улантылат”- деп билдирди.

Мындан тышкары министр Түркмөнстандын бийлиги, Афганистандын аймагында масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга белсенип жаткандыгын белгилеп өттү.

https://turkmenportal.com/blog/32380/glava-mid-turkmenistan-vydelil-na-realizaciyu-proektov-s-uchastiem-afganistana-1-milliard-250-millionov