07.12.20

Түркмөнстандын Халач районунда, Борбордук Азияда эң ири керамика буюмдарын чыгарган завод ишке берилди. Жаңы ачылган завод жалпысынан 28 гектар жерди ээлеп турат.

Ишке жаңы гана берилген заводдун кубаттуулугу, жогорку өндүрүмдүүлүгү жана чыгарган керамикалык буюмдарынын сапаты жагынан дүйнөлүк стандарттарга жооп берген Борбордук Азиядагы эң ири завод болуп калмакчы.

Анда өндүрүлгөн продукция, өлкөнүн ичиндеги жана чет мамлекеттердин базарларына сатыкка чыгарылмакчы.

Керамика буюмдарын чыгарган завод жылына 192,5 миң тонна, тагыраак айтканда 80 миллион даана продукция чыгарууга жөндөмдүү. Өндүрүштүн дээрлик көпчүлүк бөлүгү автоматташтырылган.

Жогорку өндүрүмдүүлүктөгү заманбап аппараттар Япония, Италия жана Испания өлкөлөрүнөн алынып келинген.

Жаңы ишке берилген заводдо эки жүз жумушчу жумуш ордулары менен камсыз болушкан. Алар жогорку квалификациядагы инженерлер жана техникалык адистер болуп саналышат.

Заводдун ачылыш аземине Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышып, анын куруучуларына белектерин тапшырды.

https://platon.asia/news/v-turkmenistane-zapustili-samyi-moshchnyi-v-tsentral-noi-azii-zavod-keramicheskikh-izdelii