09.12.20

2000-жылы Түркмөнстандын аныкталган табигый газынын кору (запасы) 2,601 миллиард кубометр өлчөмүндө болгон. Ал эми, 2019-жылы анын көлөмү 19,486 миллиард кубометрге жеткен. Бул тууралуу, Италияга тиешелүү энергетикалык “Eni” компаниясы жарыялаган “World Gas and Renewables Review 2020” аттуу отчетунун билдирүүсүнө таянып “Trend” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Билдирүүдө 2015-2019-жылдары аралыгында Түркмөнстандын аныкталган табигый газынын корунун көлөмү стабилдүү өлчөмдө (19,486 миллиард кубометр) сакталып турган.

Ал эми, Түркмөнстанда 2000-жылдан тарта табигый газды өндүрүү акырындык менен жогорулап баштаган. Отчётто көргөзүлгөндөй 2017-жылы, Түркмөнстанда 76,25 миллиард кубометр, 2018-жылы 79,98 миллиард кубометр жана 2019-жылы 82,10 миллиард кубометр табигый газ өндүрүлгөн.

Ошондой эле Түркмөнстандын өзү өндүргөн газды колдонуусунун көрсөткүчтөрү дагы жарыяланган.

Анда 2015-2018-жылдары аралыгында колдонуунун көлөмү 24,83 миллиард кубометр болгон болсо 2019-жылы 32,61 миллиард кубометр болгон.

Эскерте кетсек, алдын ала эсептөөлөр боюнча Түркмөнстанда 2050-жылга карата газды өндүрүүнүн көлөмү 78 % пайызга жогорулап 141 миллиард кубометрге жетүүсү күтүлүүдө. Түркмөнстан дүйнөдө газдын аныкталган корунун көлөмү боюнча төртүнчү орунду ээлеп турат.

https://www.trend.az/business/energy/3346992.html