20.12.20

Президент Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандан Афганистан Ислам Республикасына электр энергиясын жеткирүү боюнча кошумча келишимдерди түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу, “Ватан” маалымат агенттиги билдирди.

Токтом “Түркмөнстандын 2013-2020-жылдарга электр энергетика тармагын өнүктүрүү” концепциясынын алкагында кабыл алынган. Ошондой эле Түркмөнстандын өкмөтү менен Афганистан өкмөтүнүн ортосундагы электр энергетика тармагындагы кызматташууну улантуу максатында кабыл алынган.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясын кошуна Афганистанга экспортоо боюнча келишимге, Түркмөнстандын президенти 2017-жылдын ноябрь айында кол койгон болучу.

Эскерте кетсек, учурда “Серхетабат-Герат-Тургунди” жана “Рабаткашан-Калайнау” электр чубалгылары аркылуу, Афганистанга жиберген электр энергиясынын экспортунун көлөмүн көбөйтүү иштери жүрүп жатат.

https://turkmenportal.com/blog/33064/turkmenistan-uvelichit-eksport-elektroenergii-v-afganistan