04.01.21

Румыниянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкө болушу, географиялык жайгашуусу жана стратегиялык аймактык энергетикалык долбоорлорго активдүү катышуусу менен Түркмөнстандын энергетикалык ресурстарын, Европа базарына алып чыгып сатуусуна узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алат.

Бул тууралуу, “Trend” маалымат кызматы Румыниянын Экономика, энергетика жана ишкердик чөйрө министрлигинин тараткан билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Румыниянын Экономика, энергетика жана ишкердик чөйрө министрлигинин билдиришинче, “Түштүк газ коридору” Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттерди газ менен камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ болуп эсептелет. Ал эми, жаратылыш газын өндүрүүчүлөрдүн катарында болгон, Түркмөнстан дагы энергия булагы болууда маанилүү орунду ээлейт. Ошондой эле Румыниянын министрлиги тараткан билдирүүдө: “Түркмөнстан жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө Россия, Иран жана Катардан кийинки төртүнчү орунда тургандыгын унутпашыбыз керек”, - деп айтылат.

Азыркы учурда, Азербайжанда өндүрүлгөн газ “Түштүк газ коридору” долбоорун камсыздоонун негизги булагы болуп саналат деп белгилейт Румыниянын өкмөтү. Бирок, долбоорду өнүктүрүүнүн кийинки этаптарында, кошумча дагы көгүлтүр оттун булактары каралмакчы. Мисалы, Түркмөнстандын өндүргөн газын “Түштүк газ коридору” аркылуу, Европанын базарына алып чыгып сатууну айтууга болот.

2020-жылдын февраль айында, Румыния жана Түркмөнстандын тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрү, Баку шаарында уюштурулган “Түштүк газ коридору” консультативдик министрлер кеңешинин бешинчи жыйынына катышуусу, эки өлкөнүн бул долбоорду колдой тургандыгын күбөлөндүрөт деп айтылат билдирүүдө.

Румыния “Түштүк газ коридору” долбоорун башынан бери колдоп келген жана келечекте, ушул транспорттук инфраструктуранын бир бөлүгү болууну каалайт. Ошондой эле “Түштүк газ коридору” аркылуу ташыла турган көгүлтүр отко жана анын ичинде, Түркмөнстандан келүүчү газды сатып алууга кызыкдар экендиги билдирүүдө айтылат.

https://turkmenportal.com/blog/33321/rumyniya-mozhet-obespechit-vyhod-turkmenskih-energoresursov-na-evropeiskii-rynok