09.01.21

Түркмөнстандын Пакистандагы элчиси Атажан Мовламов, Исламабад шаарында өлкөнүн премьер-министринин кеңешчиси Абдул Разак Давуд мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, “sng.today” маалымат агенттиги билдирди.

Тараптар, Түркмөнстан жана Пакистандын соода алакалары жана аларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Жолугушуу учурунда, эки  мамлекеттин өз ара  кызматташуусунун чоң потенциалы бар экендигин белгилешти. Ошол себептен, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти.

Тараптар ошондой эле жакынкы аралыкта өткөрүлө турган, соода жүгүртүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун үчүнчү отурумунда, эки тараптуу товар алмашууга байланышкан техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулай тургандыгын белгилешти.

Жолугушууда, 2021-жылы биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 6-отурумун өткөрүү жана Пакистандын Гвадар деңиз порту менен Түркмөнстандын деңиз портторунун ортосунда, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу маселеси талкууланды.

Буга чейин, Түркмөнстан Пакистан өкмөтүнө өзүнүн  товарларын транзиттик жол менен Гвадар жана Карачи деңиз порттору аркылуу өткөрүп турууну сунуш кылган. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Түркмөнстандын Түркмөнбашы жана Гвадар шаарларынын деңиз портторунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

https://turkmenportal.com/blog/33446/tranzit-turkmenskih-tovarov-cherez-porty-gvadar-i-karachi-obsuzhden-na-vstreche-v-islamabade