13.01.21

Кыштын суугу башталгандан бери, Борбордук Азиядан Кытайга жаратылыш газын экспорттоо көбөйгөн. Жаңы жылдын алгачкы күндөрү, анын көлөмү суткасына 100 миллион кубометрди түздү. Мурдагыдай эле, жаратылыш газынын негизги бөлүгү мамлекеттер аралык (Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай газ кууру) энергетиканы ташып жеткирүүчү газ кууру аркылуу Кытайга (басымдуу бөлүгүн Түркмөнстандан өндүрүлгөн жаратылыш газы түзөт) жеткирилет.

Бул тууралуу, “Синхуа” маалымат агенттиги жана башка маалымат каражаттары билдирди. Ошондой эле “Синхуа” маалымат агенттиги, “Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай газ кууру” 11 жылдан бери туруктуу иштеп келе жаткандыгын белгилеп өттү.

“Western Pipeline Company” компаниясынын билдиришинче, өткөн 2020-жылы Борбордук Азиядан Кытайга 39 миллиард кубометрге жакын жаратылыш газы импорттолгон. “Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай газ кууру” ишке киргизилген 2009-жылдан бери, экологиялык таза отундун жалпы көлөмү 336 миллиард кубометрден ашкан.

Бул эл аралык газ кууру, Борбор Азия жана Кытай өлкөлөрүн байланыштырган, стратегиялык маанилүү энергетикалык канал болуп саналат. Ошондой эле өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыктын мисалы болуп саналат. Анын туруктуу иштеши, Кытайдын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда жана экологиялык таза “жашыл” өнүгүүгө өтүү үчүн чоң мааниге ээ.

Эскерте кетсек, Борбордук Азиядан келген газ Кытайдын 27 провинциясынын жана автономиялуу региондорунун калкына, ошондой эле 500 миллиондон ашуун адам жашаган Кытайдын административдик району Гонконгду газ менен камсыздап келет.

https://sng.today/ashkhabad/15482-turkmenistan-uvelichit-jeksport-prirodnogo-gaza-v-knr.html