16.01.21

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 15-январь күнү, өлкөнүн Чарже районунда орун алган, жаратылыш газын өндүрүүчү “Малай” кениндеги жаңы эле курулушу бүткөрүлгөн, газ компрессордук станциясынын ачылыш аземине катышты. Бул компрессордук станция,  Түркмөнстандын жаратылыш газынын экспортун эки эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк бермекчи. Бул тууралуу, “Түркменистан сегодня” маалымат агенттиги билдирди.

Өлкөнүн чыгышында өндүрүлгөн бул жаратылыш газынын бир бөлүгү, узундугу 188 километр болгон “Малай-Багтыярлык” газ кууру аркылуу ташылып келип, андан соң “Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай” газ кууруна кошулуп экспортко чыгарылат.

“Малай” жаратылыш газ кени, Лебап облусунун (велаятынын) административдик борбору болгон Түркмөнбат шаарынан 70 километр алыстыкта жайгашкан. Жаратылыш газы бул аймакта 1986-жылдан бери өндүрүлүп келет. Жаңы станция жылына 30 миллиард кубо метрге чейин газды өндүрө алат. Комплекс 12 гектар аянтты ээлейт.

Жогорудагы компрессордук станциясынын курулушун “Түркмөнгаз” мамлекеттик концерни жана “Petro Gas LLP” (Улуу Британия) менен биргеликте ишке ашырган. Газдын компрессордук жабдууларын, франциялык “Dresser-Rand S.A.”  компаниясы камсыз кылган. Күнүнө 45 миллион кубометр газды, тереңдиктен сордурууга жөндөмдүү болгон, ар бир агрегаттын кубаттуулугу 32 МВт түзөт.

Түркмөнстандын жергиликтүү адистери, жаңы компрессордук станциянын курулуш иштеринин дээрлик  80 % пайызын бүткөрүшкөн.

Эскерте кетсек, Түркмөнстанда жайгашкан дүйнөдөгү эң ири газ кендеринин бири “Галкыныш” болуп эсептелет. Анынын запасында  27 триллион кубометр жаратылыш газы бар деп бааланган.

Түркмөнстандын газы 5 жылдык келишимдин негизинде “Борбордук Азия” газ кууру аркылуу Россияга экспорттолуп келет.

Буга чейин  жалпысынан 336 миллиард кубометрден ашык жаратылыш газы, Борбордук Азиядан Кытайга экспорттолгон. Анын 85 % пайызын Түркмөнстан камсыздаган.

Kaynak: https://centralasia.news/8352-prezident-turkmenistana-otkryl-novuju-gazokompressornuju-stanciju.html