21.01.21

Азербайжан жана Түркмөнстан Каспий деңизиндеги газ жана нефти булактарын биргелешип чалгындоо жана “Достлуг” кенин (жаратылыш газы жана нефти) түзүү боюнча меморандумуна кол коюшту. Документке тиешелүү тармактын жетекчилеринин кол коюу аземине, президенттер Илхам Алиев (Азербайжан) жана Гурбангулы Бердымухамедов (Түркмөнстан) онлайн режиминде катышышты. Бул тууралуу, Азербайжандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркмөнстандын прзиденти Гурбангулы Бердымухамедовдун айтымында, келишим көп жылдык эмгектин жемиши болуп саналат. Эки өлкөнүн энергетика тармагында өз ара кызматташуусун бекемдөөгө жана анын потенциалын ачууга, кеңири жана өз ара пайдалуу, эл аралык шартта туруктуу энергияны өнүктүрүүгө багытталган өнөктөштүк деп эсептөөгө болот.

Түркмөнстандын президенти эки өлкөнүн ортосундагы ынтымакташтык, өз ара урматтоо жана колдоо чечүүчү мааниге ээ экенин белгилеп келип: “Кабыл алынган чечимдер биздин мамилелерибиздин тарыхына чыныгы коңшулуктун, көрөгөчтүктүн, теңдиктин жана бири-биринин кызыкчылыгын эске алуунун айкын мисалы катары эсептөөгө болот. Ошондуктан, биз кендин аталышын “Достлуг” деп атоону чечтик. Бул меморандумга кол коюлушу, Түркмөнстан менен Азербайжандын, Каспий деңизиндеги энергетикалык кызматташтыгынын жаңы кадамы болуп эсептелет. Эл аралык бекем укуктук негизде, биргелешип иш алып баруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат, биздин аймакка ири көлөмдөгү чет элдик инвестициялардын ырааттуу келүүсүнө узак мөөнөттүү негизде жаңы шарттар түзүлүп жатат”, - деп белгилеп өттү.

Илхам Алиев өз кезегинде, бул документ регионалдык кызматташтыкка олуттуу таасирин тийгизе тургандыгын жана долбоор эки өлкөнүн энергетикалык кызматташтыгын чыңдай тургандыгын белгилеп келип:  “Мындай кадамдар экспорттун чоң мүмкүнчүлүктөрүн ачып, ошону менен бирге биздин элдерибиздин жыргалчылыгынын өсүшүнө шарт түзөт”, - деп белгиледи.

Эскерте кетсек, Каспий деңизинин Азербайжан жана Түркмөнстанга  тиешелүү бөлүгүнүн так ортосунда 60 миллион тоннага жакын нефти жана 100 миллиард кубометр газдын  запасы табылган болучу.

https://vestikavkaza.ru/news/azerbajdzan-i-turkmenistan-prodolzat-sotrudnicestvo-v-razrabotke-mestorozdenij-na-kaspii.html