04.02.21

Түркмөнстан өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) өлкөсүнө таандык “Өнүктүрүү фонду” (ADFD) 3-февраль күнү, жалпы суммасы 393 миллион долларды түзгөн үч меморандумга кол коюшту. Кол коюлган документтер инвестициялар аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган деп билдирет “ИА Emirates News Agency” маалымат агенттиги.

Биринчи меморандумдун алкагында, Түркмөнстанда инвестициялык компания түзүлөт. Анын фонду 370 миллион дирхамды (100 миллион долларга жакын) түзөт. Биринчи этапта Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ)  “Өнүктүрүү фонду” (ADFD)  жана Түркмөнстан өкмөтү бирдей өлчөмдө 58,7 миллион дирхамдан (16 миллион доллар) акча каражаттарын бөлүп беришмекчи. Каражат энергетика, айыл чарба, туризм жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Экинчи меморандумдун алкагында, Түркмөнстанда поливинилацетата химиялык затын өндүрүү үчүн газохимиялык өнөр жай комплексин курууга инвестицияны салуу мүмкүнчүлүгү каралат.

Долбоордун наркы 642,7 миллион дирхамга (175 миллион доллар) бааланган. Келечекте “NPK” маркасындагы жер семирткичтерин өндүрүүчү заводдун ишке киргизүү үчүн дагы 18 миллион доллар жумшалуусу күтүлүүдө.

Үчүнчү меморандумдун алкагында Түркмөнстандын Балкан велаятында жайгашкан Жебел айылында, 75 миллион долларга аэропорттун курулушу жана 25 миллион долларга күндөн жана шамалдан энергия алууга багытталган бир нече долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Тиешелүү документтерге Түркмөнстандын “Внешэкономбанк” банкынын башкармалыгынын төрагасы Рахимберди Джепбаров жана Араб Эмираттарынын (БАЭ) “Өнүктүрүү фонду” (ADFD)  башкы директору Мохаммед Сайф Аль Сувайди кол коюшту.

Эскерте кетсек, 20 жылдан бери Түркмөнстандын стратегиялык өнөктөшү болуп келген Абу-Дабинин “Өнүктүрүү фонду” (ADFD) Арчман ооруканасын калыбына келтирүүнү жана Ашхабад шаарында жалпы 182 миллион дирхам өлчөмүндөгү акча каражатына (49,6 миллион долларга жакын) адистештирилген оорукананын курулушун каржылаган.

https://centralasia.news/8499-ashhabad-i-abu-dabi-podpisali-tri-memoranduma-o-vzaimoponimanii-na-393-mln.html