15.02.21

Түркмөнстандын  ички дүң продуктусу (ИДП) 2020-жылы 5,9% пайызга өскөн. Бул тууралуу, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жума күнү министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында Гурбангулы Бердымухамедов: “Улуттук экономиканын өсүү темпи сакталып калды. Өткөн жылы ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү 5,9% пайызды түздү.  Анын ичинде өнөр жай тармагында 3,3% пайыз, соода тармагында 15,1% пайыз, транспорт жана байланыш тармагында  4,7% пайызды түздү”, - деп билдирди.

Түркмөнстандын президентинин айтымында, өлкөдө 12 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Курулуш тармагына 38 миллиард доллардан ашык инвестиция жумшалган, жалпы наркы 8 миллиард доллар болгон 45 ири өнөр жай жана социалдык объектилер пайдаланууга берилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Түркмөнстандын 2021-2025-жылдарга карата бир катар жаңы мамлекеттик программалары жана өнүгүү стратегиялары бекитилди. Мындан тышкары, химиялык продукцияны өндүрүүгө жана импортко чыгарып сатууга лицензия берүү жөнүндө жобо бекитилди.

https://kursiv.kz/news/ekonomika/2021-02/vvp-turkmenistana-vyros-na-59