16.02.21

Түркмөнстанда 2021-жылы мамлекеттин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу 30 даана ири өнөр жай жана социалдык объектилер колдонууга берилет. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттиги билдирди.

Апрель айында, Ашгабад шаарынын түштүк тарабында мамлекеттик мекемелер үчүн курулган имараттар, эл аралык конгресс борбору, бир нече банктардын жаңы административдик имараттары жана “Аркадаг” мейманканасын ачуу иштери пландаштырылууда.

Мындан тышкары, жай мезгилинде бир катар ири объектилер пайдаланууга берилет. Аларга, “Ашгабад-Түркмөнабат” автомобиль жолунун (автомагистралы) бир кысымы пайдаланууга берилет. Ошондой эле жолду бойлото заманбап инфраструктуралык курулуштар пайда болмокчу. Аларга, унаа токтотуучу жайлар, техникалык тейлөө пункттары, май куюучу жайлар жана эс алуу жайлары кирет. “Ашгабад-Түркмөнабат” авто жолу үч негизги тилкеден турат. Жолдун туурасы 34,5 метрди түзөт. Ашгабаддан Тежен шаарына чейинки  203 километр узундуктагы бөлүгү бүткөрүлүп пайдаланууга берилмекчи.

Лебап облусунда (велаятында), кубаттуулугу 432 МВт болгон газ турбиналык электр станциясы ишке киргизилет, Түркмөнбашы жана Дашогуз шаарларында бир катар медициналык мекемелердин ачылышы пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын башында эле Түркмөнстан жана Афганистан үчүн маанилүү объекти катары саналган “Акин-Андхой” темир жолу тармагы, “Имамназар-Акин” жана “Серхетабат-Тургунди” була-оптикалык линияларынын курулушу жана “Керки-Шибарган” электр өткөрүүчү линиясы пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, өлкөнүн чыгышында жайгашкан “Малай” табигый газ кенинде газдын компрессордук станциясы пайдаланууга берилген.

https://turkmenportal.com/blog/34424/v-turkmenistane-v-chest-30i-godovshchiny-nezavisimosti-otkroyut-30-krupnyh-obektov