22.02.21

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов борбор шаар Ашгабадда, Россиянын “Лукойл” компаниясынын башчысы Вагит Алекперовду кабыл алды. Бул тууралуу, “Тurkmenistan” интернет газетасы жазып чыкты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Каспий деңизинин энергетикалык потенциалын эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө  пайдалануунун мааниси тууралуу талкуу болуп өттү.

Тараптар Каспий деңизиндеги “Достлук” мунай кенин биргелешип чалгындоо жана өздөштүрүү боюнча бир ай мурун түзүлгөн, Түркмөнстан жана Азербайжандын өкмөттөр аралык өз ара түшүнүшүү меморандумунун түзүлгөндүгүнө оң баасын беришти.  Мындай келишимдер, эки өлкөнүн биргелешип иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана чет элдик ири  инвестицияларды тартууга түрткү берет.

Гурбангулы Бердымухамедов “Лукойл” компаниясынын Түркмөнстандын мунай тармагын өнүктүрүүгө катышуу ниетин кубаттап жана алар тарабынан бериле турган конкреттүү сунуштарды карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде, Вагит Алекперов өзү жетектеген компания мунай өндүрүүгө байланышкан олуттуу долбоорлорду ишке ашырууда кез келген маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Ошол эле учурда  “Лукойл”  компаниясынын жетекчиси “Достлук” мунай кенин өздөштүрүү учурунда, кошумча дагы жаңы мунайдын кендерин чалгындоо иштери экологиялык талаптарга ылайык жана өз убагында натыйжалуу ишке ашырыла тургандыгын баса белгиледи.

https://www.yerzemin.com/display/prezident-turkmenistana-vstretilsya-s-glavoy-rossiyskoy-neftegazovoy-kompanii-lukoyl/106569