23.02.21

Түркия Түркмөнстандын өндүргөн газын өзүнүн аймагы аркылуу, Европанын базарларына транзиттик жол менен жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрүүгө даяр. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркмөнстан Республикасынын тышкы иштер министри Рашад Мередов менен биргелешип журналистер үчүн өткөргөн пресс-конференцияда учурунда билдирди.

Мевлют Чавушоглу: “Биз, Түркмөнстандын  газын Түркияга жеткирилишин жана аны биздин өлкөнүн аймагы аркылуу, Европанын базарларына өтүп туруусун камсыз кылуу үчүн бизге жүктөлгөн бардык керектүү иштерди жасоого даярбыз. Бул маселе бүгүн Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашад Мередов менен болгон эки тараптуу жолугушуу учурунда талкууланды. Ошондой эле бул маселе, бүгүн Азербайжан жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлери менен боло турган үч тараптуу жолугушууда дагы талкууланат”, - деп билдирди.

Түркиянын Тышкы иштер министри ошондой эле Түркия Каспий деңизиндеги “Достлуг” мунай кенин иштетүү боюнча, Түркмөнстан жана Азербайжандын өкмөттөр аралык өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандыгын кубаттайт  тургандыгын билдирип келип: “Бул документке Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосунда кол коюлгандыгына биз абдан кубанычтабыз. Түркиялык компаниялар өз кезегинде, бул аймакта жана Каспий деңизинде иштөөгө даяр экендигин, мен буга чейин эле коллегам Рашад Мередовго билдиргем”, - деп белгилеп өттү.

https://today.kg/news/428999/?utm_source=last&hl=ru