CA-NEWS (TM) – Тышкы иштер министрлиги делегациясы 15-16-январда Исламабадка иш сапары менен барышат, ал жакта Түркмөн-Пакистан тышкы саясаты боюнча консультация өткөрүлөт деп билдирди өлкөнүн мамлекеттик маалымат билдирүү агенттиги.

Жолугушуунун күн тартибине эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын иш-чаралары маселелери коюлат. Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия жаратылыш газ түтүктөрүн куруу проектисин иш жүзүнө ашырууга жана башка биргелешкен проектилерге өзгөчө көңүл бурулат, атап айтканда электр энергетикасы жана байланыш, транспорттук-коммуникация тармактарын камтыйт. Иш сапар бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү өз ичине алат. Эскерте кетсек буга чейин Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердумухамедов Афганистан, Пакистан жана Индия мамлекет башчыларын ТАПИнин Афганистан бөлүгүн салуу аземине чакырган.