12.04.21

Түркмөнстанга таандык “PETRONAS Carigali” компаниясынын башкы директору Руслан бин Абдул Гани 2021-жылдын 10-апрель күнү, Каспий деңизинин Түркмөнстанга тиешелуу аймагында, “Garagol Deniz Drilling Platform” (GDDP-A) бургулоочу аппаратын деңизге түшүрүү  аземине катышты. Бул тууралуу, “NEBIT-GAZ” интернет гезити билдирди.

“Garagol Deniz Drilling Platform”  бургулоочу платформасынын салмагы 3,9 миң тоннадан ашат. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 10 миң баррел мунайды казып алууга жөндөмдүү.

 “Батыш Гарагол-Дениз” нефти кенинен алгачкы мунайды ушул жылдын август айында өндүрүп баштоосу күтүлүүдө. Өндүрүлгөн мунай атайы терминалда кайрадан иштетилип даяр продукцияга айлантылат.

Компаниянын башкы аткаруучу директору Руслан бин Абдул Ганинин айтымында, платформа Түркмөнстандын мунайгаз тармагын мындан ары өнүктүрүүгө чоң салымын кошот.

Платформа деңиздин жээги менен нефти кууру аркылуу байланышат. Ал чийки мунайды газга айлантуучу терминалына жеткирет. Чийки мунай газга айлантылган соң анын бир бөлүгү электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалмакчы.

Эскерте кетсек,  “Garagol Deniz Drilling Platform”  бургулоочу платформасы, Малайзияга тиешелүү компания тарабынан деңизде колдонулуучу металь конструкцияларын жыйноочу цехте акыркы сегиз жылдан бери курулуп келген болучу.

https://sng.fm/16893-petronas-spustila-na-vodu-burovuju-platformu-v-turkmenskom-sektore-kaspijskogo-morja.html