01.05.21

Түркмөнстандын Казакстандагы элчиси Батыр Режепов 29-апрель күнү, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов менен жолугушту. Тараптар көрүшмө учурунда, деңиз аркылуу товар ташууну көбөйтүүгө эки өлкө тең кызыкдар экендигин билдиришти. Бул тууралуу, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү    министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий өкүлдөр, Казакстандын “Актау”  порту менен Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портунун ортосунда жүк ташуунун көлөмүн кеңейтүүнүн келечегин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Батыр Режепов Түркмөнстан  Казакстандын товарларын транзиттик ташууларын  кеңейтүүгө көмөкчү боло тургандыгын белгилеп өттү. Мындан тышкары, Түркмөнстан коңшу өлкөнүн ишканаларында өндүрүлгөн продукцияларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын декабрь айында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Казакстандын Актау порту менен деңиз байланышын орнотуу боюнча уюштуруу маселелерин аяктоо зарылдыгын белгилеген. Тийиштүү тапшырмалар Тышкы иштер министрлигинин башчысы Рашид Мередовго берилген болучу.

https://sng.today/ashkhabad/16841-turkmenistan-i-kazahstan-rasshirjat-morskie-gruzovye-perevozki.html