CA-NEWS (TM) – 2017-жылдын социалдык-экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча Марый велаятынын Векилбазар району эң мыкты район жарышынын жеңүүчүсү болуп табылды деп Түркмөнстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө айтылды.

 Түркмөнстандын президенти Марый велаяты Векилбазар районунун акимлигин 1 млн. доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

2017-жылынын башында социалдык-экономиикалык жана маданий көрсөткүчтөрүнүн жылдык жыйынтыгына негизделген эң мыкты район же шаарды аныктоо боюнча салттуу жарыш жарыяланган.

Жарышта ден соолук жана укук коргоо органдарынын маалыматтары эске алынды, тактап айтканда кылмыштуулук жанан анын көрсөткүчтөрүн райондордо азайтуу, дени сак коомду түзүү уюмдары каралды.