01.05.21

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов    29-апрель күнү, Ашхабад шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кабыл алды.

Мамлекет башчылары соода, инвестиция жана өнөр жай тармактарында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу “Туркменистан сегодня” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Президенттер акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү үч эседен ашык көбөйгөнүн баса белгилешти. Өткөн 2020-жылы эки өлкө ортосунда товар жүргүртүүнүн көлөмү 530 миллион долларга жеткен. Мындан тышкары, өлкөлөр ортосунда  150 ашуун биргелешкен ишканалар түзүлгөн.

Тараптар транспорт, энергетика, машина куруу, айыл чарба, жеңил жана тамак-аш өнөр жайларында, суу чарбасында мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун маанилүү экендигин белгилешти.

Шавкат Мирзиёев Ташкент эл аралык транспорт-транзиттик коридор түзүү боюнча, Ашхабад келишимин илгерилетүүнү улантууга жана “Кытай-Борбордук Азия-Түштүк Кавказ-Түркия”  мультимодалдык маршрутту менен товар ташууну көбөйтүүгө даяр экендигин жарыялады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөнстандын борборунда өлкөлөр ортосундагы бир туугандык байланыштардын бекемдигин символдоштурган “Ташкент” паркын ачуу демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле жакында Өзбекстандын борборунда соода, экономика, илим жана техника, маданият жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн маанилүү экендигин белгилешти.

 

https://centralasia.news/9488-prezidenty-turkmenistana-i-uzbekistana-obsudili-perspektivy-sotrudnichestva.html