03.05.21

Түркмөнстан жана Иран Каспий деңизинде мунай өндүрүү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин  Түркмөнстандын Тегерандагы элчиси Ахмет Гурбанов Иранга таандык “KEPCO” мунай компаниясынын башчысы Али Осули мырза менен жолугушуу учурунда билдирген. Бул тууралуу, 2-май күнү “Алтын кылым”  гезити жазып чыкты.

Ирандык “KEPCO” мунай компаниясынын башчысы Али Осули, Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүүгө байланыштуу бир нече долбоорлорду сунуштаган. Ал ошондой эле Ирандын  деңизде сүзүүгө ылайыктуу кемелерди курууда кеңири тажрыйбасы бар экендигин  белгилеген.

Ахмет Гурбанов эки өлкөнүн инженердик-техникалык тармагында байланыштарды түзүүнүн келечегин жогору баалап, Түркмөнстан Ирандын тиешелүү тажрыйбасын колдонууга кызыкдар экендигин белгилеп өттү.

Тараптар бул маселелерди натыйжалуу иштеп чыгуу үчүн Түркмөнстан менен Ирандын адистештирилген компанияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну жана ушул маселелерге байланыштуу, Түркмөнстан-Иран өкмөттөр аралык жыйындын күн тартибине киргизүү керек деген бүтүмгө келишти.

 Белгилей кетчү нерсе, “KEPCO” компаниясы Ирандын Улуттук  мунай компаниясынын бир бөлүгү катары эсептелет.

Эскерте кетсек, буга чейин 2021-жылдын 8-апрель күнү Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф Түркмөнстанга  расмий иш сапары менен келген болучу.  Анда Мохаммад Джавад Зариф  Түркмөнстандын  президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү ниетин билдирген болучу.

https://sng.today/ashkhabad/16857-ashhabad-i-tegeran-rasshirjat-sotrudnichestvo-na-kaspii.html