03.09.21

Түркмөнстандын Лебап облусуна (велаят) караштуу Чарджевский районунда (этрапында) 432 (МВт) кубаттуулуктагы газ турбиналуу электр станциясы 3 - сентябрь күнү ишке берилди.

Жаңы электр станциянын пайдаланууга берилиши, жалпы  Орто Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Афганистан, Өзбекстан жана Кыргызстанга электр энергиясын берүүнүн көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу Түркмөнстанга таандык “Ватан” телеканалынын маалымат программасы билдирди.

Анынын ачылыш аземине, Түркмөнстандын вице-премьер-министри Чарымырат Пурчеков жана Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай мамлекеттик министри, (учурда Түркмөнстанда расмий иш сапары менен жүрөт) Кийоши Эжима мырза  катышты.

Газ турбиналуу электр станциясынын курулушу, Түркмөнстандын  “Түркмөнэнерго” мамлекеттик корпорациясы жана чет өлкөлүк өнөктөштөрү болгон  Япониялык “Sumitomo Corporation”, “Mitsubishi Power Ltd” жана Түркиялык “Rönesans Holding” компаниялары менен биргеликте ишке ашырылган.

Электр станциясы Япониянын белгилүү “Mitsubishi Power Ltd” компаниясынын газ турбиналык агрегаттары менен жабдылган. Анын технологиялары Түркмөнстандын электр энергетика тарыхында биринчи жолу колдонулууда. Жаңы станцияда кубаттуулугу (144 МВт) болгон үч даана газ турбинасы орнотулган.

Буга чейин Түркмөнстандагы газ менен иштеген бардык электр станциялары, америкалык “General Electric” компаниясынын турбиналык агрегаттары менен жабдылып келген болучу.

Бүгүнкү күнгө чейин, Түркмөнстанда иштеп жаткан бардык электр станциялары өндүргөн энергиясы жалпысынан (6511) МВт  кубаттуулукту түзөт.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын президенти  Гурбангулы Бердымухамедов  Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай мамлекеттик министри Киёзи Эжима менен болгон жолугушуусунда, Лебапта жаңы газ турбиналуу электр станциясынын ишке берилиши, бир эле Түркмөнстанга эмес, ошондой эле Орто Азия өлкөлөрү жана Афганистандын социалдык экономикалык өнүгүшүнө салымын кошот деп билдирген эле. Ошондой эле Гурбангулы Бердымухамедов   көп жылдардан бери Түркмөнстан Афганистанга жеңилдетилген шартта электр энергиясын берип келе жатканын баса белгилеген.

https://turkmenportal.com/blog/39402/turkmenistan-zapustil-elektrostanciyu-dlya-uvelicheniya-eksporta-elektroenergii-v-afganistan-uzbekistan-i-kyrgyzstan