11.09.21

Түркмөнстандын Ахал облусуна караштуу Геокдепе районунда  жайгашкан “Maksada okgunly” үндүк фабрикасы, Азербайжанга ар бир айда  22,5 тоннадан  үндүк этин экспорттко чыгармакчы.

Продукцияны “Maksada okgunly”  соода белгиси менен экспорттоо үчүн  Азербайжандык  “Hyrkan Group” компаниясы менен атайын келишимдин түзүлгөн.  Бул тууралуу,  “ORIENT” маалымат агенттиги билдирди.

Түркмөнстандык үндүк фабрикасы акырындык менен экспорттун көлөмүн жылына 2 миң тоннага чейин жеткирүүнү пландоодо. Ошондой эле, үндүктүн этинен тышкары колбаса, жарым фабрикат болуп иштетилген  манты, хинкали жана котлет сыяктуу кошумча  продукциялар дагы экспорттолот.

23 гектар жерде жайгашкан жеке канаттуулар фабрикасы жыл сайын үндүктүн этинен 4 миң 800 тоннадан ашык даяр продукция өндүрөт.

Ишкананын аймагы төрт зонадан турат. Алар инкубаторлор, үндүктөрдүн короосу, ветеринардык жайлар жана атайын тоют өстүрүлүүчү аянттар болуп эсептелет.

Канаттуулар фабрикасында Бельгия, Германия, Франция жана Түркияда өндүрүлгөн жабдуулар  орнотулган. Үндүк фабрикасы ишке кириши менен 350 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Эскерте кетсек, 2015-жылы негизделген “Maksada okgunly”  жеке ишканасы Түркмөнстандагы үндүк этин өндүрүштүк деңгээлде өндүргөн биринчи ишкана болуп саналат. Келечекте компания үндүк этинен жасалган продукциялардын ассортиментин 57 түргө чейин кеңейтүүнү пландап жатат.

https://business.com.tm/ru/post/7579/maksada-okgunly-azerbaycana-hindi-eti-ihrach-edecek