14.09.21

Түркмөнстанда 2021-жылдын алгачкы сегиз айында, жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмү 55 миллиард куб метрден ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,4 миллиард куб метрге көптүк кылат. Бул тууралуу, “Түркмөнбашы” мунай иштетүүчү комплексинин (TKNPZ) маалымат кызматы билдирди.

“Түркмөнбашы” мунай иштетүүчү комплексинин (TKNPZ) маалымат кызматынын билдиришинче. Жыл башынан бери, Түркмөнстан дээрлик 31 миллиард куб метр газ экспорттогон, бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-августь айларына салыштырганда 8,3 миллиард куб метрге көптүк кылат. 2021-жылы жаратылыш газын өндүрүүнүн өсүү темпи 137% пайызды түздү.

Кытай салттуу түрдө Түркмөнстан газынын негизги кардары  болуп саналат.

“Орто Азия-Кытай” газ кууру аркылуу жылына 40 миллиард куб метрге жакын түркмөн газы өткөрүлүп  (анын жалпы жаратылыш газын өткөрүү кубаттуулугу 55 миллиард куб метрди түзөт) турат. “Орто Азия-Кытай” газ кууру ишке киргенден бери, Түркмөнстандан Кытайга 300 миллиард куб метрден ашык товардык газ экспорттолгон.

Муну менен катар өлкөнүн ички рыногунда “көгүлтүр отунга” болгон суроо-талап өсүүдө. Акыркы жылдары,  кубаттуу жаңы газ турбиналуу электр станциялары курулуп пайдаланууга берилди. Аларга Балкан облусуна караштуу Кыянлы аймагында   орун алган полимер заводу, Гарабогаз шаарчасында карбамид жер семирткичтерин чыгаруучу заводу жана Ахал облусунда синтетикалык бензинди чыгаруучу заводу сыяктуу ири газ иштетүүчү комплекстери кирет.

Ушул жылдын августь  айынын аягында, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусу менен Марий облусуна караштуу Иолотан аймагында жайгашкан “Galkynyş” кенинде 3 даана жаңы газ кудуктарынын курулушунун башталышына арналган азем өткөрүлгөн болучу. Алардын ар бири суткасына   орто эсеп менен  3 миллион куб метр газ өндүрүүгө жөндөмдүү болот. 

https://business.com.tm/ru/post/7589/turkmenistanda-do%C4%9Falgaz-uretim-hacmi-55-milyar-metrekupu-asht%C4%B1