13.09.21

Түркмөнстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү  17,9 миллиард долларга жетти. Анын ичинен экспорт 7,7 миллиард доллар, импорт 10,1 миллиард доллар, деп жазат “CentralAsia.news” маалымат агенттиги.

Басылма бир катар экономикалык уюмдардын статистикалык маалыматтарын талдап чыгып, коронавирус пандемиясына карабастан, Түркмөнстанда экономикалык стабилдүүлүк сакталган деген жыйынтыкка келген.

Өлкөнүн ички дүң продуктусунун (ИДП) басымдуу бөлүгү өнөр жай секторуна туура  келет. 2019-жылдын аягында, өлкө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) продукцияларын эң көп керектөөчүлөрдүн тизмесинде 37-орунду ээлеген.

2014-2019-жылдары аралыгында, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен болгон сооданын көлөмү боюнча Түркмөнстандын көрсөткүчтөрү 7,2% пайызга өскөн. Белгилей кетүүчү жагдай, ошол жылдар аралыгында Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) Түркмөнстанга келген айыл чарба продукциясынын экспорту кыскарган. Ал эми, Түркмөнстандан  импорттолгон товардын көлөмү 8,8 эсеге көбөйгөн.

https://turkmenportal.com/blog/39634/tovarooborot-turkmenistana-dostig-okolo-18-mlrd-dollarov-ssha