29.09.21

Россиялык дизелдик жүк ташуучу “Камаз” унааларын өндүргөн компаниясы 2022-жылы, Түркмөнстанда автоунаалары үчүн жабдыктарын  өндүрүүнү пландоодо.

Түркмөнстанда “Камаз” автоунааларынын жабдыктарын  чыгаруунун долбоору, өлкөнун президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Татарстандан келген делегациянын курамында, Ашхабадга иш сапары менен келген “КАМАЗ” компаниясынын башкы директору Сергей Когогин менен болгон жолугушуусунда талкууланды.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда Түркмөнстанда өндүрө турган жабдыктардын тизмеси даярдалды. Аларга суу ташууга ылайыкталган Камаз автоунааларынын цистерналары, күйүүчү май ташуучу цистерналары кирет жана таштанды ташуучу бөлүктөрүн өндүрүү  мүмкүнчүлүктөрү да каралууда.

Белгүү болгондой, Ашхабаддагы тейлөө борборунун базасында заводдун имаратты куруу жана ишке берүү 2022-жылдын 4-кварталына пландаштырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, ар кандай аймактарда ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду жана 2019-жылы кол коюлган, “Камаз” унааларын Түркмөнстанга сатуу боюнча үч жылдык келишимди ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуу учурунда, Түркмөнстандын улуттук экономикасынын ар кандай тармактарына 11 миңден ашуун “Камаз” маркасындагы унаалары кызмат кылгандыгы  белгиленди. Акыркы үч жылда, Түркмөнстан  2 миң даана “Камаз” жүк ташуучу унааларын сатып алган.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Түркмөнстандын аймагында “КАМАЗ” авто борборлорун куруу боюнча долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Түркмөнбаши шаарында тейлөө борборунун расмий ачылышы 2021-жылдын октябрь айынын аягына пландаштырылган. 2021-жылдын аягына чейин компания Лебап облусу, 2022-жылы Мары жана Дашогуз облустарынын аймактарына тейлөө борборлорун ачууну пландоодо.

https://business.com.tm/ru/post/7654/kamaz-nameren-zapustit-proizvodstvo-spectehniki-v-turkmenistane