08.10.21
Түркмөнстандын “Бир Кувват” транспорттук-логистикалык компаниясы жана Өзбекстанга таандык “Uzagrotrade” компаниясынын ортосунда соода, транспорт жана логистика тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземи, Түркмөнстандын президентинин 2021-жылдын 4-5-октябрында Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында болуп өттү.

Меморандумдун максаты  соода жана логистика тармагындагы тараптардын кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө менен катар эки өлкөнүн аймагында ишенимдүү логистикалык комплекстерди түзүү болуп саналат.

Тараптар өз ара кызмат көрсөтүүнү, маалымат алмашууну, биргелешкен долбоорлорго катышууну, маданий-гуманитардык чөйрөдө эки өлкөнүн байланышын чыңдоону, транспорт, логистика жана соода тармагындагы иштерди жакшыртууну макулдашты.

Бул меморандум, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы аймактык экономикалык интеграцияны, макроэкономикалык саясатты, сооданы, бажыны жөнгө салууга, инвестициялык саясатка жана ишкердикти колдоого, транспорт жана логистика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Муну менен катар компаниялар, сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана ишканалар менен компаниялардын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү жакшыртууга, химия өнөр жайы, жеңил өнөр жайы жана оор өнөр жайындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле сырттан түз инвестицияларды тартууга жана инвестициялык климатты жакшыртууну макулдашышты.

Эскерте кетсек, “Бир Куват” логистикалык компаниясы, Түркмөнстанга жана жакынкы жана алыскы  өлкөлөргө транспорттун бардык түрлөрү менен товар жеткирүү боюнча кеңири кызматтарды көрсөтөт. Мындан тышкары аталган компаниянын демилгеси менен Түркмөнбашы портунан Актау портуна (Казакстан), андан кийин темир жол аркылуу Казакстандын чек арадагы Хоргос  бекетинен  Кытайдын ири эл аралык портторуна чейин транспорттук каттамдарды жасап келет.

“Uzagrotrade” компаниясы Өзбекстанда жашылча-жемиштерди өстүрүү жана дүңүнөн сатууга, ошондой эле айыл чарба, химия өнөр жайы жана жеңил өнөр жай продукциясын сактоо жана ташуу үчүн контейнерлерди чыгарууга адистешкен компания болуп саналат.

https://turkmenportal.com/blog/40316/bir-kuvvat-i-uzagrotrade-budut-razvivat-sotrudnichestvo-v-torgovoi-i-transportnoi-sferah