CA-NEWS (TM) Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында шакек түрүндөгү энергия системасынын курулушу күтүлүүдө.

Бул жөнүндө 9-февралда Түркмөнстан өкмөтүнүн отурумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дадебай Амангелдиев билдирди.

Вице-премьер билдиргендей бүгүнкү күндө өлкөдө 13 электр станциясы иштеп жатат. Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында шакек түрүндөгү энергия системасын куруу күтүлүүдө.

Ошондой эле Ахал жана Балкан веляеттеринин энергия системасын бириктирген  220 кВ кубаттулуктагы электр берүүчү жана 220 кВ кубаттуулуктагы электр станциясын куруу пландалып жатат, анын ичинде Балканабат шаарында 500 кВ кубаттуулугундагы  бир шакекчелүү электр энергиясын берүү линиясы жана 500 кВ кубаттуулугундагы электр станциясы жана Дашоглу шаарында 500 кВ жана 200 кВ кубаттуулугундагы электр станциясы жана аларды бириктирген 220 кВ кубаттуулуктагы электр энергиясын берүү линиясын куруу да пландалууда. Ошондой эле энергетикалык жабдыктарды тейлөө жана оңдоп-түзөө борборун куруу да пландалууда.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов шакекчеленген энергия системасын курууну көздөгөн инфраструктуралык проектисинин тездетилиши боюнча тапшырма берди.

Мамлекет башчысы энергетика жабдыктарын оңдоп-түзөө жана тейлөө борборун куруу сунушун  бекитти жана чарбачылыктын прогрессивдүү формаларын жана башкаруунун методдорун киргизүү зарылчылыгын билдирди.