Евро Биримдик "Түштүк газ коридору" долбооруна Түркмөнстанды кошуунун жолдорун издеп келет. Бул тууралуу Энергетика боюнча Еврокомиссиянын вице-президенти Марош Шефчович бейшембиде Бакуда өткөн  "Түштүк газ коридорунун" Консультативдик кеңешинин жыйынынын алкагында  министрлердин төртүнчү жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында  айтты.

"Биз узгүлтүксүз байланыштарды колдойбуз жана Транс-Каспий газ кууру аркылуу түркмөн газын Европага жетирүү боюнча түркмөн тарап менен жолугушууларды өткөрүүдөбүз. Бир нече жыл мурун, ЕБ бул маселе боюнча Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мандат алды. Түркмөн тарап "Түштүк газ коридору" кирүүгө кызыкдар экендигин кайталады. Биз "Түштүк газ коридоруна" Түркмөнстанды туташтыруунун жолдорун изилдөөдө Азербайжандын ролун жогору баалайбыз. Биз бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдаштык, - деп айткан сөздөрүн Trend.az жарыялады.

2011-жылы, ЕБ Азербайжан менен Түркмөнстандын Транс-Каспий газ куурунун системасын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизинде ЕБ ортосунда милдеттүү түрдө юридикалык келишим мандатын кабыл алды. ЕБ биринчи жолу инфраструктуралык долбоорду колдоо боюнча келишимди сунуш кылган.

Транс-Каспий газ кууру боюнча келишим Азербайжан менен Түркмөнстанды бириктирүүчү суу түтүгүн куруу үчүн негиз болот, ал өз кезегинде, ЕБке Борбор Азиядан газ алып барат.