Лебап вилаетинин башкаруу борбору Түркмөнабатта - "Улуу Жибек Жолу” салттуу массалык спорттук мелдештери түркмөн президенти Гурбангулы Бердухамедов тарабынан ачылгандыгын, түркмөн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы 26-февраль билдирди.

Акция Түркмөнабаттын башкы көчөсү Битарап проспектинде жеңил атлетика жарышы менен башталды. Баштапкы этабында мамлекет башчынын катышуусу мене башталып, спорттук жарыштан кийин велосипед жарышы өттү.

Азыр өлкө 2018 жылдын 9-14-сентябрында өтө турчу эл аралык "Амуль- Хазар 2018" жарышка даярданып жатат. Азыртадан эле долбоордун маршруту алдын ала даярдалып, ал беш этапка бөлүнгөн. Бул Амуль – Мары, Мары – Дервезе, Дервезе – Түркмөн көлү, Түркмөн көлү– Янгала, Янгала – Аваза.

Бул майрамда катышуучуларынын арасында белгилүү "Africa Eco Race" авто жарышынын уюштуруучусу болгон, ошондой эле ушуга байланыштуу Париж-Дакар авто жарышынын эки жолку чемпиону, белгилүү класстагы спорт унаа менен жарышууда  дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон Жан-Луи Шлессер бар.

Түркмөн башынын бул майрамы менен куттуктаган Жан-Луи Шлессер, өлкөдө спорттун бул түрүн келечекте өнүктүрүүгө зор ийгиликтерди каалады ошону менен бирге спорт унаасынын ачкычын тапшырды.

Мамлекеттик башчысы "Amul Хазар-2018" жолу боюнча спорттук унаасы менен өтүп өзүнүн таттаал жол шарттарында айдоо чеберчилигин көрсөттү.

Андан кийин, Түркмөнстандын Ички иштер министрлигинин жана Автоспорт Федерациясы тарабындан уюшулган, унаалардагы экипаждар арасында убакыт жана ылдамдык боюнча жарыш болду.

Туркменабатта майрам уланып жатат. Күндүн экинчи жарымында өлкөнүн чыгыш аймагында Туркменабат шаарынын эл аралык аэропортунда жаңы аба портун ачуу пландаштырылууда.