CA-NEWS (TM) – Түркия мамлекетинин  Кыркларели жогорку окуу жайында жергиликтүү жана чет элдик студенттердин катышуусу менен эларалык Нооруз майрамына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Бул майрамга профессорлор, администраторлор жана көп сандагы студенттер катышышты деп билдирилди Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин расмий баракчасында.

Жергиликтүү студенттер менен биргеликте ар кыл өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттер көргөзмө стенддерин уюштуруп өзүлөрүнүн улуттук бийлерин көргөзүштү. Түркмөн студенттери Түркмөнстан президентинин демилгеси менен ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген  улуттук “Куш депди” бийи менен көпчүлүктүн бүйүрүн кызыктырды.

Түркмөнстандын Башкы консулдугунун колдоосу менен түркмөн студенттери 2018-жылынын “Түркмөнстан-Улуу Жибек Жолунун жүрөгү” деп жарыяланышына арналган Түркмөнстандын акыркы жылдардагы жетишкендиктерин, түркмөн элинин бай маданиятын жана байыркы тарыхын көргөзгөн экспонаттардан турган  комплекстүү стенддердин көргөзмөсүн уюштурушту.