CA-NEWS (TM) –Президент Хасан Рухани расмий иш сапары менен келген Түркмөнстан Тышкы иштер министри Рашид Мередовко Ирандын Түркмөнстанга техникалык жана инженердик кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин айтты, МЕHR билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зарив жолугушууда иран-түркмөн мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүндө эч кандай тоскоолдуктун болбой тургандыгын билдирди.

Рухани Иран жолдорду куруу боюнча келишимди ишке ашырууга даяр экендигин айтты. Мындан сырткары Ирандын мамлекет башчысы транспорттук жана соода тармактарында, ошондой эле газ жана электр энергиясынын транзити боюнча келишим түзүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри өз кезегинде, өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактарда Иран менен узак мөөнөттүү келишимге даяр экендигин билдирди.

“Эки өлкөнүн бардык тармактарда анын ичинде энергетика тармагында  кызматташтык үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар”-деп кошумчалады Рашид Мередов.