20.09.20

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Пакистандын президенти Ариф Алви менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, жакынкы убактарда Пакистандын аймагында “ТАПИ” газ куурунун курулушу баштала тургандыгына ишенээрин билдирди. Бул тууралуу, Түркмөнстандын мамлекеттик “Interfax”  кабар агенттиги жазып чыкты.

09.09.20

Түркмөнстанга Казакстан аркылуу транзиттик маршрут менен Кытайдан алгачкы ирет, жүк ташыган поезд келип жетти. Бул тууралуу “Туркменпортал” маалымат агенттигине “Түркмөнстан Транспорт-логистикалык борбору” акционердик коомунан билдиришкен.

01.09.20

Афганистандын Кабул шаарында 31 август күнү, Түркмөнстан жана Афганистандын ортосунда “Жер участокторун бөлүп берүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна”  кол коюу аземи болуп өттү. (Афганстандын аймагы аркылуу өтүүчү “ТАПИ” газ куурунун курулушуна жер участагын бөлүп берүү боюнча) Бул тууралуу “Centralasia.news” маалымат агенттиги жазып чыкты.

02.09.20

2020-жылдын алгачкы 7 айында, Түркмөнстандын  мамлекеттик «Туркменнебит» ишканасы 2 миллион 290 миң тонна нефти жана 1 миллиард 157 миллион кубометр табигый газын казып алууга жетишкен. Мурда пландалган көрсөткүч 106,7% пайызга аткарылган. Бул тууралуу, “Небит-Газ” басылмасы жазып чыкты.

14.07.20

Түркмөнстанда азыркы учурга чейин, жалпы наркы 37 миллиард доллардан ашык акча каражатына 2,5 миңге жакын объектирлер курулган. Бул тууралуу, өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн кеңейтилген жыйынында маалымдаганын “Turkmenistan Today” маалымат агенттиги  билдирди.

13.07.2020

Түрк Кеңешин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн текстиль өнөр жайын  абалын иликтеген  эксперт Эльмар Юсифлинин айтымында, Түркмөнстан текстиль продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет.

10.07.20

Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Россияда чыгарылган коронавирус  илдетине каршы дарыларды сатып алууну көздөп жатат. Сатып алууга уруксат берген тиешелүү токтомго 8-июль күнү президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Бул тууралуу, “Central Asia.news”  маалымат агенттиги жазып чыкты.

02.07.20

Түркмөнстан, Афганистан жана Азербайжандын президенттеринин ортосунда, 2-июль күнү видео байланыш аркылуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда тараптар транспорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле экономиканын башка тармактарындагы кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу, CentralAsia.news маалымат агенттиги жазып чыкты.

01.07.20

Ирандын мамлекеттик “Iran Air” компаниясы Божнурд (Иран) - Ашхабад (Түркмөнстан) боюнча аба каттамын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, Иранын Түндүк Хорасан провинциясынын генерал-губернатору Мохаммад Али Шожай билдирген. 

01.07.20

Түркиянын эркектердин модалуу кийимдерин чыгарган “Altınyıldız Classics” Түркмөнстанда биринчи дүкөнүн ачты. Дүкөн Ашхабад шаарында жайгашкан «Беркарар» соода борборунда орун алган. Бул тууралуу, “Anadolu” агенттиги билдирди.