- Подробности
10.10.22
Өткөн аптада, Түркмөнстанга барган Афганистан делегациясы “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAПИ) газ кууру долбооруна байланыштуу маанилүү маселелер боюнча макулдашууларга жетишти. Бул тууралуу, жекшемби күнү “TOLOnews” телеканалы Афганистандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыктты.
- Подробности
30.09.22
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) башкы инфраструктуралык экономисти Идил Билгич-Алпаслан жума күнү, Брюсселде өткөн Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча, Европа Биримдигинин семинарында өз пикирин билдирди.
- Подробности
21.09.22
Шейшемби күнү Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Пакистандын Мамлекеттик мунай министри Мусадик Масуд Малик өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (ТАПИ) газ куурун куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.
- Подробности
05.09.22
2022-жылы Түркмөнстан чет өлкөлөргө электр энергиясынын экспортунун көлөмүн 9 миллиард киловатт-саатка чейин жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу, Мары шаарында Түркмөнстан Мамлекеттик Энергетика институтунун студенттери жана окутуучулары менен болгон жолугушуу учурунда “Халк Маслахаты Милли” партиясынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов билдирди.
- Подробности
02.09.22
Түркмөнстандын өкмөтүнүн 2-сентябрь күнү болуп өткөн жыйынында, вице-премьер-министр Батыр Атдаев президентке өлкөнүн өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин Ахал облусунун Ак Бугдай районунда, жаңы өнөр жай аймагын түзүү боюнча сунушун киргизди.
- Подробности
04.07.22
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында ишемби күнү, Түркиянын “TRT Haber” телеканалына берген маегинде, “Түркия-Түркмөнстан-Азербайжан” үч тараптуу саммитин өткөрүү пландалып жаткандыгын билдирди.
- Подробности
30.06.22
Каспий мүмкүнчүлүктөрдүн деңизи, анткени инфраструктуранын туура өнүгүшү менен ал транспорттук агымдардын бириктирүүчү түйүнү боло алат. Бул тууралуу, шаршемби күнү Ашхабад шаарында болуп өткөн “Каспий VI” саммитинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов билдирди.
- Подробности
24.05.22
Ашхабад шаарында “Түркмөнстандын улуттук мунай жана газ” (NAPECO) компаниясынын башкы директору Максат Пирлиев жана Тажикстандын Тышкы саясат боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Фаррух Шарифзоданын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.
- Подробности
10.05.22
Түркиянын курулуш фирмалары Түркмөнстанда бүгүнкү күнгө чейин 49,9 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырганын шейшемби күнү “Hurriyet” гезити Түркиянын Соода министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.
- Подробности
02.04.22
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Ашхабадда мамлекеттик иш сапары менен жүргөн Индиянын президенти Рам Натх Ковинд менен жолугушууда, “Чабахар” жана “Түркмөнбашы” порттору ортосунда кызматташуу боюнча түз сүйлөшүүлөрдү уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу, “Turkmenistan” электрондук гезити билдирди.