07.12.21

Казакстан Кыргызстанга  “Yutong” үлгүсүндөгү 1000 даана автобус экспорттомокчу. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министрлиги маалымдады. Буга чейин, 2020-жылдын декабрь күнү Казакстанда “Yutong” маркасындагы автобустарын чыгарган биргелешкен ишкана ачылган.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун 8-декабрда Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында, Нур-Султан шаарындагы өкмөт үйүндө автобустарды сатып алуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Аталган документке, Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана “Аллюр” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Лаврентьев кол коюшту.

Казакстандын примъер-министринин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө: “Меморандум 2022-жылы лизинг шартында, Кыргызстанга 1000 даана “Yutong” электр, газ жана дизель менен жүрүүчү автобустарды жана 100 даана казакстандык өндүрүштө өндүрүлгөн атайын техниканы алып келүү каралган. Автобустар жүргүнчүлөрдү ташуу менен катар электрондук диспетчердик системасы жана “Onay pay” жол киренин автоматтык түрдө кабыл алуу системасы менен жабдылмакчы”, - деп маалымдалат.

https://www.tazabek.kg/news:1749066/?from=portal&place=nowread&b=2