CA-NEWS (TJ) – Казахстан Тажикстанга Кайраккум суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча келишимди таанытты.

Бул Борбордук Азия өлкөсү жайкысын калк арасында Тажикстан деңизи деп аталган суу сактагычынын ресурсунан пайдалануууну каалайт.

Өлкөнүн тиешелүү бөлүмдөрү азыркы учурда Астананын сунушун карап жатышат. Бул суроо 4-апрель күнү парламенттин отурумунда каралды. Тажикстан Республикасынын энергетика жана суу ресурстары министринин биринчи орун басары Султон Рахимзода Казахстан Тажик деңизинин суу ресурстарын  сарамжалдуу пайдаланууда жардам гана сунуштады деди. Анын айтымында Өзбекстан да мындай кызыкчылыгын билдирген жана азыркы учурда ушуга окшош келишимди түзүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

“Келишим суунун Тажикстан тарабынан сатылуусун билдирбейт. Казахстан менен Өзбекстан Кайраккум суу сактагычында жай мезгилинде ири көлөмдө суу сактоого жардамын сунушташты.  Бул көптөгөн каражат талап кылат, Ташкент жана Астана бул каражатты берүүгө даяр”,- деди Султон Рахимзода.

Анын айтымында Казахстан жана Өзбекстан жыл сайын жаратылыш кырсыктарында анын ичинде сел каптоодо гуманитардык жардам көргөзүп келишет. “Бул жардам жаратылыш кырсыктарын алдын алууга, сугат системасын калыбына келтирүүгө, ири суу сактагычта сууну топтоо жана сактоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталса дагы жакшыраак болмок. Жыйынтыгында топтолгон сууну төмөнкү агымда жайгашкан өлкөлөрдүн сугат иштеринде колдонууга болот эле”,- деди Рахимзода.

2008-жылга чейин Тажикистан, сугаруу максатында суу агымын жөнгө салуу маселеси боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен тыгыз кызматташтыкта болуп келген. Эки тарап тең Сырдарыясында суу төптоо үчүн техникалык жана финансылык ресурстар менен жардам берип келишкен.

Тажик Деңизи (2016-жылга чейин Кайраккум суу сактагычы) – Тажикистандын Согд областында жана Өзбекстандын Фергана областында жайгашкан. Тажикстандын эң ири суу сактагычиарынын бири. Кайраккум суу сактагычы Сырдарыя дарыясынын агымын жөнгө салуу үчүн платина жана ГЭСтен түзүлгөн. Суу толтуруу 1950-жылы башталган.