30.11.21

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов  29-ноябрь күнү, Россиянын “Лукойл” компаниясынын башчысы  Вагит Алекперов менен Каспийдеги мунай жана газ кендерин казып алуу жана иштетүү маселесин талкуулашты.

Бул тууралуу Түркмөнстандын “Orient” маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын мамлекет башчысы жолугушууда газ жана нефти продуктуларын эл аралык рынокко жеткирүүнүн географиясын кеңейтүү боюнча, жана ошондой эле өлкөнүн энергетикалык саясатынын багыттары, анын ичинде отун-энергетикалык комплексинин инфраструктурасына тартылган инвестицияларды көбөйтүү маселелерин айтып өттү.

 “Лукойл” компаниясынын жетекчиси  Вагит Алекперов Гурбангулы Бердымухамедовго аталган компаниянын Каспий деңизинин түркмөн секторунда аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, “Лукойл”  компаниянын жетекчиси Түркмөнстанга таандык кендерди иштетүүгө  байланышкан долбоорлорго катышуу боюнча бир катар сунуштарын айтып өттү.

Эскерте кетсек, октябрь айында Гурбангулы Бердымухамедов жана Вагит Алекперов “Каспийдеги нефти жана газ  кендерин иштетүүнү” талкуулашкан болучу.

Түркмөнстандын “ТДХ” маалымат агенттиги февраль айында билдиргендей, “Лукойл” компаниясы Каспий деңизиндеги “Достлуг” кенин иштетүүгө катышуусу күтүлүүдө. 2021-жылдын 21-январында, Түркмөнстан жана Азербайжан бул кенди биргелешип чалгындоо жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык меморандумга кол коюшкан. Бакудагы маалымат булактарынын билдирүүсүндө, кен 1986-жылы азербайжандык геологдор тарабынан ачылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча анын запасы 50 миллион тоннага жакын мунайзат болушу мүмкүн.

https://apa.az/ru/xeber/mdb-olkeleri/prezident-turkmenistana-obsudil-s-glavoi-lukoila-razrabotku-mestorozdenii-na-kaspii-463437