17.02.23

Венгриянын  Будапешт шаарында “Азербайжан-Венгрия” бизнес форуму болуп өттү.

Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министрлигине караштуу Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин (KOBİA) төрагасы Орхан Мамедов Twitter баракчасына жарыялады.

Аталган бизнес-форумга жалпысынан 87 компания, анын ичинде Азербайжандан 26, Венгриядан 61 компания катышты.

Орхан Маммадов иш-чаранын катышуучуларына “KOBİA” агенттигинин колдоо инструменттери, Карабах аймагынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди жана Венгриянын ишкерлерин Азербайжанда бизнес ачууга активдүү катышууга чакырды.

Бизнес-форумда, Азербайжан менен Венгриянын мамлекет башчыларынын аракетинин жана алар кол койгон маанилүү документтердин натыйжасында эки өлкөнүн кызматташтыгынын күн тартиби тынымсыз кеңейип жатканы баса белгиленди. Эки тараптуу жана транзиттик жүк агымын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү, өз ара инвестицияларды стимулдаштыруу маселелери дагы каралды.

https://report.az/ru/biznes/v-budapeshte-sostoyalsya-azerbajdzhano-vengerskij-biznes-forumn/