28.02.23

“АКИpress” агенттиги 28-февраль күнү “Борбор Азиядагы транспорт коридорлору: Кыргызстандын жаңы мүмкүнчүлүктөрү” деген темада эл аралык форумун өткөрдү.

Форумга Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов катышты. Элчи мырза, Азербайжан транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө артыкчылык бере тургандыгын жана ал үчүн кыска убакыттын ичинде “Баку-Тбилиси-Карс” темир жолун курууга мүмкүн болгондугун билдирди. Азербайжан ошондой эле Актау (Казакстан) жана Түркмөнбашы (Түркмөнстан) шаарлары менен паром каттамдарын түзгөн. Ошондой эле элчи мырза, Каспий деңизиндеги эң ири соода порту дагы Азербайжанга  таандык экендигин белгилеп өттү.

Азербайжандын элчиси “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, Түндүк Африка жана Араб өлкөлөрү үчүн Европага дагы бир кошумча каттам болуп бере тургандыгын белгилеп, жаңы транспорттук коридорлорду түзүү учурдагы каттамдар үчүн атаандаштыкты жаратпай тескерисинче аларды толуктай тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, элчинин айтымында, аталган темир жол Азербайжан аркылуу өтүп, Түштүк Европа, Чыгыш Европа жана Түндүк Европа өлкөлөрү үчүн жаңы каттам болуп калмакчы.

https://www.tazabek.kg/news:1874622?from=portal&place=last